Бишкекте жүргүнчү ташып бараткан маршрутка оодарылып кетти. Видео

CC BY 2.0 / Erik Starck / Driving a carАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки транспорт тең бир тарапты көздөй бара жатканы айтылат. Кичи автобустун үч жүргүнчүсү жабыркаган.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү менен Жаш гвардия проспектисинин кесилишинде Mercedes Benz унаасы эл ташыган кичи автобус менен кагышып, бус оодарылып калган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Эки транспорт тең бир тарапты көздөй бара жатканы айтылат.

“Кичи автобустун үч жүргүнчүсү жабыркаган. Алар жеңил жараат алып, Тез жардам алып кеткен”, — дешти милициядан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Окуя болгон жерде Кайгуул милициясы иштеп жатат. Кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0