Бензовоз менен кагышкан мотоциклчен киши каза болду. Кырсыктан кийинки видео

© AFP / BORIS HORVATМотоциклчен адам. Архив
Мотоциклчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден жан берген. Милиция анын жаш курагы 20-25те деп болжоп жатат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектин четиндеги кан жолдо күйүүчү май ташыган унаа менен кагылышкан мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул кабарды Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Окуя бүгүн болжол менен саат 15:00дө Манас айылында болгон. Мотоциклчен киши жана май ташыган унаа Бишкек тарапка келе жаткан.

Окуядан кийинки видеону "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Эч нерсеси калбаптыр! Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

Милициянын маалыматы боюнча, мотоциклдин айдоочусу кырсык болгон жерден жан берген. Ал болжол менен 20-25 жашта болгон.

Жол кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0