Бишкек: жер төлөдөгү таштанды өрттөнүп, бир адам каза болду

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүКиши өрттөн секирип жатат. Архив
Киши өрттөн секирип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин кызматкерлери жер төлөдөн табылган сөөктү тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берген. Азырынча ал адамдын ким экендиги белгисиз.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы кичи райондордун бириндеги жер төлөдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

"Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө таштанды күйгөн. Ал жерден эркек кишинин сөөгү табылды. Учурда анын ким экендиги, аты-жөнү такталууда", — деп айтылган маалыматта.

ӨКМ кызматкерлери маркумдун сөөгүн милицияга өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0