Сокулукта белгисиз адам элди кубалап, биринин башын жара чапты. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСтритрейсеры на ночных рейдах по поиску "банды ГТА"
Стритрейсеры на ночных рейдах по поиску банды ГТА - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын кесепетинен бир адам башынан жаракат алып ооруканага түштү. Учурда кылмышка шектүү изделип жатат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Темир менен көчөдөгүлөргө тап берип, бир жаранды башка чапкан шектүү изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Окуя Сокулук районундагы "Манас" аэропортуна кеткен жолдо болгон. Видео байкоого түшүп калган кадрлар соцтармактарга жана "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Видеодон белгисиз киши колуна темир кармап алып, көчөдө жүргөндөргө тап берип жатканын көрүүгө болот. Ал ошол жердегилердин биринин башын жарып салган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Бул боюнча кабар милицияга кечээ саат 22:00дө түшкөн. Тартип сакчылары жерине барып кишини таппай калган.

Кантта күзөтчүнү сабап, банкоматты түн ичинде тоноп кеткендер кармалды

Учурда бейбаштык фактысы боюнча иш козголуп, шектүү изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0