Бишкекте бир телефонду ээсинен тартып алган деп шектелип 9 бала кармалды

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаБишкекте 31 жаштагы жарандын телефонун тартып алды деп шектелип тогуз бала кармалды
Бишкекте 31 жаштагы жарандын телефонун тартып алды деп шектелип тогуз бала кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-ноябрь күнү болжол менен саат 05:30 чамасында 102 кызматынан Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде адамды тоноо болду деген маалымат келип түшкөн.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте 31 жаштагы жарандын телефонун тартып алды деп шектелип тогуз бала кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаБишкекте 31 жаштагы жарандын телефонун тартып алды деп шектелип тогуз бала кармалды
Бишкекте бир телефонду ээсинен тартып алган деп шектелип 9 бала кармалды  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 31 жаштагы жарандын телефонун тартып алды деп шектелип тогуз бала кармалды

1-ноябрь күнү болжол менен саат 05:30 чамасында 102 кызматынан Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде адамды тоноо болду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, 31 жаштагы жарандын Redmi Note 6 үлгүсүндөгү телефонун белгисиз бирөөлөр алып кеткенин аныктаган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде көп өтпөй 18 жана 19 жаштагы тогуз бала кармалып, Биринчи май райондук милициясынын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесине (“Тоноо”) ылайык сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0