Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды

© Фото / Зульфия ТургуноваПожар в автомобиле в Кара-Суйском районе
Пожар в автомобиле в Кара-Суйском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар автоунаада ойноп жатканда эшиги бекилип калып, кийин өрт чыккан. Жабыркагандар ооруканадан көз жумушкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда унаа өрттөнүп, анын кесепетинен эки бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

© Фото / Зульфия ТургуноваСгоревший автомобиль в Кара-Суйском районе, в результате которого скончались двое детей.
Оштун Кара-Суу районунда унаа өрттөнүп, анын кесепетинен эки бала каза болду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Оштун Кара-Суу районунда унаа өрттөнүп, анын кесепетинен эки бала каза болду
© Фото / Зульфия ТургуноваСгоревший автомобиль в Кара-Суйском районе, в результате которого скончались двое детей.
Кырсык кечээ, 24-октябрь күнү, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында болгон - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кырсык кечээ, 24-октябрь күнү, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында болгон
1/2
Оштун Кара-Суу районунда унаа өрттөнүп, анын кесепетинен эки бала каза болду
2/2
Кырсык кечээ, 24-октябрь күнү, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында болгон

Кырсык кечээ, 24-октябрь күнү, Ак-Таш айыл өкмөтүнүн Жылкелди айылында болгон.

"Короодо токтоп турган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын ичинде 4 жана 1 жаштагы балдар ойноп жатканда эшиктери бекилип калган. Кийин унаадан кокусунан өрт чыгып кетип, балдардын денеси күйүк алган", — деп айтылат маалыматта.

Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

Жабыркаган балдар Кара-Суу райондук аймактык ооруканасына жеткирилип, ошол жактан каза болуп калышкан. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0