ЖМК: Айдар Акаевдин өлүмүнүн себеби белгилүү болду

© AFP / TALANT SHABIYEVСын первого президента Кыргызстана Айдар Акаев
Сын первого президента Кыргызстана Айдар Акаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын биринчи президентинин улуу баласы жүрөгү токтоп, ушул жылдын февраль айында каза болгон.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу баласы Айдар Акаев алкоголго жана баңгизатка ууланып көз жумган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына таянып Россиянын “Пятый канал” телеканалы билдирди.

Эскерте кетсек, Айдар Акаев 5-февраль күнү каза болгон. Анда маркумдун жүрөгү токтоп калганы айтылган болчу. Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилген

Телеканалдын маалыматы боюнча, жарым жылдан кийин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар өлүмгө алкоголь менен кокаиндин аралашмасынан кийинки уулануу себеп болгонун айткан. Текшерүү дал ушул нерсе жүрөктүн токтоп калышына алып келгенин аныктаган.

Нурсултан Назарбаевге күйөө бала болгон. Айдар Акаев тууралуу 7 факты

Белгилей кетсек, Айдар Акаев улуу бир тууганы Бермет Акаева экөө 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышкан. Бирок "жоогазын" революциясынан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, тунгуч президенттин үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда Москва шаарында жашап келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0