УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты

Жазылуу
Көлбаевдин иши Бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү ("Кылмыштуу топ түзүп, ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейин өндүрүш иштери башталды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаев кандай жүйө менен кармалганын түшүндүрдү.

Билдирмеге ылайык, 22-октябрда Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) кайда экени маалым болуп, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Буга чейин Көлбаев кармалып, УКМКга алып келингенин күч структураларындагы ишенимдүү адамдар билдирген эле. Анда кримтөбөл бүгүн спорттук клубдардын биринен колго түшкөнү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0