УКМК: кишилерди жалдап террордук максатта Сирияга жөнөткөн канал аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСовместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека
Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кишилерди жалдап жана аларды Сирияга жөнөтүүгө катыштыгы бар башка адамдарды аныктап кармоо иштери улантылууда.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар болгон жерлерге жалдангандарды жөнөтүү каналы аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

20-октябрда жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаранын негизинде, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 39-395-беренесинде каралган ("Жалданмачылыкка аракет кылуу") кылмыш белгилери боюнча кыргызстандык М.М. аттуу жаран кармалган.

Бишкекте элди террордук уюмга азгырган чет элдик кармалды. Сүрөт

"М.М. мурда жихад идеологиясына тартылып, транзиттик жол менен Кыргызстандан Сирияга эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн. Учурунда жасалган иш-чаранын натыйжасында жалданган киши Сирияга кетип баратканда кармалып, УКМКнын тергөө-камак абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук комитетинен учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдар аныкталып, кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жаткандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0