Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди

Жазылуу
Бул аталган аймакта акыркы эки күн ичиндеги экинчи жер титирөө болду. Кечээ күчү 5 баллга жеткен силкинүү катталган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Бүгүн, 22-октябрда, саат 7.21де Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ маалымдады.

Ага ылайык, силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Бостон, Бешик-Жон, Карача айылдарында 2,5 балл, Базар-Коргон айылында 2 баллга чейин сезилген.

Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Аталган аймакта акыркы эки күн ичиндеги экинчи жер титирөө болду. Кечээ күчү 5 баллга жеткен жер силкинүү катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0