Ошто шектүү киши милициянын кыйноосунан каза таптыбы? ОИИББдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүнү Ош облустук милициясына алып келгенде эс-учун жоготуп, ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы социалдык тармактардагы "Нурмухамед Гайбалиев милициянын кыйноосунан каза болду" деген кабар боюнча түшүндүрмө берди.

Билдирүүгө ылайык, 5-октябрда Ош шаарынын 21 жаштагы тургуну А.Ш. милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында бейтааныш адамдар тапанча менен коркутуп, 4 миллион 230 миң сомун карактап кетишкен.

Төмөнкү Ала-Арчада атасы менен кызын бычактап кеткен шектүүлөр кармалды

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин "Каракчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө учурунда бул кылмышты жасагандыгы үчүн Он-Адыр кичи районунун 27 жаштагы тургуну И.Э. суракка алынып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 15-октябрда аталган кылмыш ишине тиешеси бар делип Ноокат районунун Муркут айылынын К. уулу М. аттуу 26 жаштагы тургунун тергөөгө алып келүү үчүн милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарына барышкан. Ал күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүгө аракет жасаган. Жанынан "Форт-12РМ" үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана төрт ок табылган", — деп айтылат маалыматта.

Ош облустук ички иштер башкармалыгына алып келинген шектүү эс-учун жоготуп, милиция кызматкерлери Ош шаардык Тез жардам кызматына жеткирген. Киши өзүнө келе албай, ооруканада каза болгон.

Кара-Көлдө май ташыган унаадан адамдын сөөгү табылып, шектүү аял кармалды

Бул окуя боюнча Ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин баштап, маркум кандай жагдайда каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Эгерде кармоо учурунда ашыкча күч колдонулгон болсо, текшерүүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен бул окуяга катышы бар кызматкерлерге карата юридикалык баа берилип, тийиштүү чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле окуяны териштирүүнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өз көзөмөлүнө алганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0