Түркияда ичимдикке ууланып элүүдөн ашык киши көз жумду

© AFP / ASIF HASSANАлкоголдук ичимдиктер менен эркектер. Архив
Алкоголдук ичимдиктер менен эркектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары атайын рейддин жүрүшүндө 1,5 миң жасалма спирт ичимдиктеринин бөтөлкөсүн жана 3,2 миң литрден ашык жасалма суусундук тапкан.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Түркияда жасалма спирт ичимдигине ууланып 54 адам каза тапкандыгын Известия басылмасы жазды.

Ичимдикке уулануу фактысы Измир, Айдын жана Текирдаг аймактарын кошкондо 11 провинциядан катталган.

Жергиликтүү NTV телеканалы кабарлагандай, укук коргоо органдары өлкө боюнча атайын рейддин жүрүшүндө 1,5 миң жасалма спирт ичимдиктеринин бөтөлкөсүн жана 3,2 миң литрден ашык жасалма суусундук тапкан.

Буга чейин ичимдикке уулануудан улам Түркияда 30 киши каза болгондугу айтылган эле. Ошол эле күнү полиция кызматкерлери Мерсин провинциясынан ичимдик жасоочу жашыруун жайды аныкташкан.

Ал эми табылган ичимдиктерде ууланууга себеп болгон метанолдун курамы көбүрөөк экендиги белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0