Кочкордо Toyota Avensis кырсыктап 12 жаштагы бала каза болду

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каргаша бүгүн түнү болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай, автоунаанын жолдон чыгып кеткени айтылууда.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кочкордо жол кырсыгынан 12 жаштагы бала каза болуп калганын ӨКМ билдирди.

Маалыматта окуя Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 230-чакырымындагы Сары-Булак айылында болгону айтылат. Анда Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, машина жолдон чыгып кеткен.

"Кырсыктан 12 жаштагы эркек бала каза таап, андан башка дагы эки эркек, эки аял жана төрт жаштагы бала ар кандай жаракаттарды алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, каза болгон баланын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0