Sputnik Канттагы базага Россия аскерлери келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Тактоо

© Фото / пресс-служба авиабазы ОДКБ "Кант"Россия аскерлери Канттагы база. Архив
Россия аскерлери Канттагы база. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы редактор кандай максат менен фейк маалымат тарап жатканы белгисиз экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Россия аскерлери Канттагы базага келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Бул туурасында агенттиктин шеф-редактору Эркин Алымбеков билдирди.

Учурда социалдык тармактарда "Канттагы авиабазага Россиянын аскерлери учак менен келип конушууда" деген темадагы Sputnik.kg сайтынан скриншот кылып алган сыяктуу сүрөт тарап жатат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Россия аскерлери Канттагы базага келгени тууралуу маалымат жазган эмес
Sputnik Канттагы базага Россия аскерлери келгени тууралуу маалымат жазган эмес. Тактоо - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Россия аскерлери Канттагы базага келгени тууралуу маалымат жазган эмес
"Sputnik Кыргызстан агенттиги мындай маалымат жазган эмес, бул тууралуу кабары жок. Кандай максат менен фейк маалымат тарап жатканы бизге белгисиз", — деди Алымбеков.

Ошондой эле ал мунун чагымчылдык аракетин көрүү үчүн бирөө атайын уюштуруп жатышы ыктымалдуулугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0