Бишкекте уурдалган аскердик унаа Чүйдөн табылды. Сүрөттөр

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийАскердик автоунаа. Архив
Аскердик автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул авто 5-6-октябрдагы окуялар учурунда Кыргыз драма театрынын жанынан уурдалган. Айдоочусу сабалып, ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жарандык активист Болот Ибрагимов өзүнүн Facebook баракчасына элдик толкундоо маалында жоголуп кеткен аскердик жүк ташуучу унаа табылганын жазды. 

Буга чейин интернет колдонуучулар аталган автонун жоголуп кеткендиги тууралуу айтып жаткан.

"Кайдыгер карабаган жарандар азыр эле жоголуп кеткен аскердик унаанын Чүй облусунун айылдарынын биринин жанындагы талаада турганын кабарлашты. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жерине жөнөштү”, — деди Ибрагимов.

Генералдык штабдан жүк ташуучу унаа ИИМдин ички аскерлеринин менчиги экенин билдиришити.

Көп өтпөй Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы аталган автонун Ысык-Ата районундагы Чолпон айылы тараптагы талаадан табылганын тастыктады.

“Бул аймакка бекитилген милиция кызматкери аны кечээ ошол жерден тапкан эмес. Машина бүгүн эртең менен пайда болуп калыптыр. Демек аны түндө таштап кетишкен”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, бул авто 5-6-октябрдагы окуялар учурунда Кыргыз драма театрынын жанынан уурдалган. Айдоочусу сабалып, ооруканага түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0