Тилек Токтогазиев "Ала-Тоо" аянтындагы митингден жаракат алды. Видео

© Sputnik / Михаил Дудин"Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев
Ата Мекен партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан Токтогазиевди колу-бутунан кармап көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот. Ага жардам бергендердин "Тилек, карман" деп жатканы угулат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев "Ала-Тоо" аянтындагы митингде жаракат алды.

Кадрдан Токтогазиевди колу-бутунан кармап алып көтөрүп бара жатканын көрүүгө болот. Ага жардам бергендердин "Тилек, карман" деп жатканы угулат.

Буга чейин Токтогазиевди төрт партия вице-премьерликке талапкер катары көрсөткөн. Өзү болсо коркутуулар болуп жатканын айткан.

"Ала-Тоо" аянтында ок атуу болду. Видео

Буга чейин аянтта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулушкан. Андан кийин Өкмөт үйүнүн алдында чогулуп турган Садыр Жапаровдун тарапташтары "Ала-Тоо" аянтына келип алышкан. Эки тараптын ортосунда кагылышуу болуп, ок да атылган эле. Андан кийин Жапаровдун тарапташтары Өкмөт үйүнө кайта баштаган. Ушул тапта алар митинг өткөрүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0