Жумабеков: аянттагы кагылышууда жабыркагандардын бири комада

Жазылуу
Милиция менен митингчилердин кагылышуусунан 1000ге чукул киши жабыркап, бир адам көз жумган. Учурда өлкөдө саясий абал турукташа элек.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуудан жабыркагандардын бири комада. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, калган бейтаптар реанимациядан палаталарга которулду.

"Борбордук аянттагы кагылышуудан жабыркагандардын ичинен азыркы учурда биздин ооруканада 88 бейтап жатат. Анын оноо реанимация бөлүмүнөн палаталарга которулду. Бир бейтаптын абалы өтө оор, ал комада", — деди Жумабеков.

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, 1000дей киши жабыркап, бир адам көз жумган.

6-октябрь күнү түндө Ак үй басып алынган. Учурда өлкөдө саясий абал турукташа элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0