Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан топтор чабышып кетти

Жазылуу
Садыр Жапаровдун 400гө чукул тарапташы өкмөт үйүнүн алдында митингде турушат. Алар аталган имаратты "кайтарып" жаткандыктарын айтышты.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Садыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары өкмөт үйүнүн алдында кагылышып кетти. Бул тууралуу ал жерде жүргөн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Жапаровдун 400гө чукул тарапташы аны колдоо максатында митингге чыкты. Аларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдойбуз деген топ жакындап келди. Топтолгондор алгач айтышып, андан соң урушуп кетишти.

Кыргызстанда премьер-министр кантип дайындалат? Процедурасы

"Азыр митингчилер тынчып калды, аларга элдик кошуундун мүчөлөрү көз салып турушат. Формачан милиционерлер жакын жерден көрүнбөйт. Кыязы, алар жөнөкөй кийинип алышса керек", — деди кабарчы.

Жапаровдун тарапташтары өкмөттүн имаратын "кайтарып" жаткандыктарын айтышты.

Жапаров учурда Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучуга талапкер болуп жаткан саясатчылардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0