Кочкорлуктар айыл өкмөт менен милиционерди бакка байлап салганбы? Расмий жооп

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат кечээ ЖМКлардын биринде тарап, жашоочулар мындай кадамга айыл өкмөт башчы менен милиционер сүйлөшүүгө келген элге ок чыгарганы үчүн барганы айтылган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында эл айыл өкмөт башчы менен аймактык милиция кызматкерин бакка байлап койгон деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Нарын ОИИББ билдирди.

Эске сала кетсек, жогорудагы маалымат кечээ, 6-октябрда, медиа каражаттарынын биринде тарап, жашоочулар мындай кадамга айыл өкмөт башчы менен милиционер сүйлөшүүгө келген элге ок чыгарганы үчүн барганы айтылган.

Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы

Облустук милициянын билдиришинче, 6-октябрь күнү саат 16:00дөр чамасында Кум-Дөбө айылынын тургундары урушуп, ок атылып жатат деген билдирүү түшкөн.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Д.Т. аттуу 52 жаштагы айыл тургуну өзүнүн бир тууган эки иниси менен атасынан калган сарайды талашып, чыр чыгып кеткен. Д.Т. өзүнө тиешелүү болгон ОП-СКС үлгүсүндөгү 7,62 калибриндеги сайлуу ок атуучу курал менен асманга эки жолу ок чыгарган. Бакка байланып тургандар уруш чыгарган ага-ини. Аларды айыл тургундары же экөөнүн тарапташтарынын бири байлап салганы белгисиз, окуянын чоо-жайы такталып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, ок атуучу курал алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0