Кыргызстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин силкинүүсү 6-октябрь саат 14.11де катталды. Бактыга жараша, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жердин силкинүүсү 6-октябрь саат 14.11де катталды.

"Жер титирөө Алай районунун Нура, Эркеч-Там айылдарында 4 балл, Икизяк, Көк-Суу айылдарында 3 балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0