Митингдеги кагылышууда жабыркагандардын бири каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары
Ала-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 8.00гө карата саламаттык сактоо мекемелерине 590 киши кайрылган, анын 439у алгачкы жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 150 жабырлануучу ооруканага жаткырылса, 13 бейтап реанимацияда.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Митингдеги кагылышуудан жабыркап Улуттук госпиталда жаткан бейтаптардын бири көз жумганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Саат 8.00гө карата саламаттык сактоо мекемелерине 590 киши кайрылган, анын 439у алгачкы жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 150 жабырлануучу ооруканага жаткырылса, 13 бейтап реанимацияда.

"Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда 69 киши жатат, анын бешөө реанимацияда. Улуттук госпиталга 164 киши кайрылып, анын 58и жаткырылды. Алты бейтап жандандыруу бөлүмүнө түшсө, бир эркек киши каза болду. №1 шаардык ооруканага 30 киши кайрылып, жетөө жаткырылган, бирөө реаимацияда. Чүй облустук ооруканасында ушу тапта үч адам бар, анын бирөө жандандыруу бөлүмүндө. Улуттук хирургия борборунда 13 киши дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0