Митингчилер Ак үйдүн жетинчи кабатына киргенде. Видео

© Sputnik / Эркин АлымбековЗахваченный Белый дом митингующими, недовольными парламентскими выборами
Захваченный Белый дом митингующими, недовольными парламентскими выборами - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган.

БИШКЕК, 6-окт. – Sputnik. Каршылык акциясына чыккандар Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин кирип, терезеден кагаздарды ыргытып жатышат.

Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен видео тартып жиберди.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындап эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда. Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, учурда ал чоң митингге айланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0