Митингчилер милициянын атайын техникасын тартып алып аянтка келишти. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары
Ала-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн кырдаалдан улам президент Сооронбай Жээнбеков партия лидерлерин 6-октябрь күнү саат 9.00гө жолугушууга чакырды.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Митингдин катышуучулары атайын техниканы тартип сакчыларынан тартып алып, "Ала-Тоо" аянтына келишти.

Видеодон көрүнүп тургандай, Чүй менен Эркиндиктин кесилишинен демонстранттар өткөн. Алардын айрымдары аскер багытындагы техникадан түшүп калышкан.

Учурда кагылышуудан жабыркагандардын саны 122ге жетти, анын кыркы милиция, бирөө медик.

Түзүлгөн кырдаалдан улам президент Сооронбай Жээнбеков партия лидерлерин 6-октябрь күнү саат 9.00гө жолугушууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0