Митинг: Тез жардам кызматынын 6 унаасы талкаланды

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы тез жардам кызматы
Ала-Тоо аянтындагы тез жардам кызматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктердин үлгүлтүксүз ишин укук коргоо органдары камсыздап жатат, себеби митингчилер менен спецназ жолду бөгөп алган учурлар болууда.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы нааразычылык акциясында Тез жардам кызматынын 6 унаасына кол салуу болуп, айнектерин талкалап кетишти. Бул тууралуу шаардык муниципалитет кабарлады.

Учурда Кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү борбору жаракат алгандарда көмөк көрсөтүп, ооруканаларга ташууда.

Бешөөнүн абалы оор. Митингден жаракат алгандардын саны 70тен ашты

Медиктердин үлгүлтүксүз ишин укук коргоо органдары камсыздап жатат, себеби митингчилер менен спецназ жолду бөгөп алган учурлар болууда.

Жакынкы сааттарда эки Тез жардам унаасынын терезелери талкаланып, ошондой эле фельдшер башынан жаракат алган. Андан мурда дагы унааларга зыян келип, жалпысынан 6 машина кол салууга дуушар болду.

Эске салсак, бүгүн түшкө чейин "Ала-Тоо" аянтында акырындан эл топтолуп, түштөн кийин шайлоодон утулуп калган сегиз партиянын башын бириктирген ири митингге айланган. Алар 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, адилеттүүлүктү талап кылууда. Кечке маал аянтта элдин саны көбөйүп, учурда ал чоң митингге айланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0