ИИМ: митингге чыккандарды атайын каражаттар менен таркатууга аргасыз болдук

© Sputnik / Эркин АлымбековАла-Тоо аянтындагы ИИМ кызматкерлери
Ала-Тоо аянтындагы ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ буга чейин эгер жарандардын саламаттыгына коркунуч жаралса, жоопкерчилик партия лидерлери менен активдүү мүчөлөрүнүн мойнуна илинерин эскерткен.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкектеги митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таркатууга туура келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Мекеме белгилегендей, буга чейин Ички иштер министрлиги "Ала-Тоо" аянтына нааразычылыкка чыккандарды тынч тарап кетүүгө чакырган.

"Бирок митингдин катышуучулары жана анын уюштуруучулары коомдук тартипти бузуп, Чүй проспектисиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан кийин Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазаны талкалап, ашып киргенге аракет кылып, таш дагы ыргытышты. Жарандардын коопсуздугун камсыздап, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында аларды көздөн жаш чыгаруучу газ, кулак тундурган каражат, суу бүрккөн автоунааларды колдонуу менен таркатууга туура келди", — деп айтылат маалыматта.

Митингде эки милиция кызматкери жаракат алып, ооруканага түштү

ИИМ буга чейин эгер жарандардын саламаттыгына коркунуч жаралса, жоопкерчилик партия лидерлери менен активдүү мүчөлөрүнүн мойнуна илинерин эскерткенин айтты.

"Бирок ошого карабастан алар коомдук тартипти бузушту. Акциянын уюштуруучулары менен партия лидерлерин митингге катышкандарды үйлөрүнө толук таратып кетүүгө дагы бир жолу чакырабыз", — деп айтылат билдирмеде.

Учурда Бишкек шаарында коомдук тартип орнотуу максатында милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0