Ырчы Юлия Руцкаянын апасын милициянын унаасы сүзүп кетти. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
ИИМдин маалыматы боюнча, айдоочу айыбын моюнуна алган. Окуяны министрликтин ички иликтөө кызматы тактай турганы айтылды.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын апасын милициянын унаасы сүзүп кетти. Бул кабарды ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.

Ырчы буга чейин 1-октябрда анын апасын милициянын номери тагылган унаа сүзгөнүн билдирип, видеокайрылуу жарыялаган болчу. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган. Руцкаянын айтымында, апасынын баш мээси чайкалып, тиши сынып, жаракат алган жерлери шишип кеткен.

Айдоочу кишилерди атайын тебелеткен. Кызыл-Кыядагы окуянын жаңы жагдайлары

Руцкая белгилегендей, кырсыкка себепкер айдоочу кетип калган эмес. Апасынын дарылануусуна кеткен чыгымдарды төлөөгө убада берген, бирок азырынча аны жасай элек. Ырчы айыптуу адам жоопкерчиликтен качып кетпесин деген максатта видеону ооруканадан туруп жарыялаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЮЛИЯ РУЦКАЯ (@yulia_rutskaya)

ИИМ милиция кызматкери Nissan Almera кызматтык унаасын башкарып баратканын билдирүүдө. Ал Үсөнбаев көчөсүнөн артка айдаганы жатып, 70 жаштагы аялды сүзүп алган.

"Күнөөлүү айыбын танган жок. Кырсыкта келтирилген зыяндын чыгымын толук төлөп берүүгө даяр. Унаа болсо айып короого токтотулган", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. ИИМдин ички иликтөө кызматы да бул окуяны териштире турганы дайын болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0