Кочкордун тушунда эки машина кагышып, жабыркагандар ооруканага жетпей үзүлдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРКочкор районунун тушунда болгон жол кырсыгы
Кочкор районунун тушунда болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба МЧС КРВ Кочкорском районе Нарынской области столкнулись грузовик и легковое авто, погибли два человека
Кочкор районунун тушунда ГАЗ-53 жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду
© Фото / пресс-служба МЧС КРВ Кочкорском районе Нарынской области столкнулись грузовик и легковое авто, погибли два человека
Кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.
1/2
Кочкор районунун тушунда "ГАЗ-53" жүк ташуучу унаа менен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина кагышып, эки адам ооруканага жетпей көз жумду
2/2
Кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.

Билдирмеге ылайык, кырсык 30-сентябрь күнү саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында катталган.

"Каргашанын кесепетинен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын ичине 60 жаштагы эркек киши менен 56 жаштагы аял кыпчылып калган. ӨКМдин куткаруучулары аларды автоунаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Тилекке каршы, жабыркагандар Кочкор райондук ооруканага жетпей көз жумганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0