"Манаска" кеткен жолдо Honda Fit аласалып, 22 жаштагы кыз көз жумду. Видео

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerАвтоунаа жол кырсыктан кийин. Архив
Автоунаа жол кырсыктан кийин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо үрөй учурган жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Чүй ЖКККББ маалымат кызматы билдиргендей, окуя 1-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:00дөр чамасында катталган.

Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Алдын ала маалыматтар боюнча, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган. Жыйынтыгында катуу ылдамдыкта бара жаткан автокөлүк ала салып кеткен.

Кырсык болгон жерден 22 жаштагы кыз мерт кеткен. Ал эми айдоочунун ооруканага жаткырылганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0