Бишкекте төрт машина кагышты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт машина кагышкан жол кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя шаардын түндүк тарабында, Элебесов көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Бишкекте бүгүн төрт жеңил унаа кагышканын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Жол кырсыгынын видеосу Telegram-каналынын “Короче” тайпасына жарыяланды.

Окуя Фере жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын айынан Баялинов көчөсүнө чейин тыгын жаралган.

Милициядан билдиришкендей, жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0