УКМК: чек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЧек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды
Чек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү посттон мыйзамсыз өткөрүүгө чара көрбөө үчүн акча сунуш кылганы айтылат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө 40 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда Мамлекетик чек ара кызматынын "Кулунду" заставасынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, шектүү 28 жашта.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө 40 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда Мамлекетик чек ара кызматынын "Кулунду" заставасынын башчысы кармалды
УКМК: чек ара заставасынын башчысы пара берип жатканда кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлүнө 40 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурунда Мамлекетик чек ара кызматынын "Кулунду" заставасынын башчысы кармалды
"Кармалган адам коңшу өлкөлөрдөн келген контрабандалык жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чара көрбөө үчүн акча сунуш кылган", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК: Бишкекте баңгизат сатып жаткан полковник кармалды

Факты боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0