Түндө Алайда жер титиреди

Жазылуу
Жердин титирегени Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма жана Кашка-Суу айылдарында сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Түндө Таласта кар жаады. Видео

Жер бүгүн, 28-сентябрь күнү, саат 02:32де титиреген. Ал Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0