Катуу соккудан автоунаа тегеренип кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

Жазылуу
Жол кырсыгы 20-сентябрда болуп, андан үч адам жабыркаганы айтылды. Окуянын видеосун материалдан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте Күйүкова менен Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, кырсык болгон учур кадрга түшүп калган.

Видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Маалымдалгандай, кырсык 20-сентябрда болуп, анда Volkswagen менен Mazda үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Видеодо көрүнүп тургандай, биринчи автоунаа солго бурулайын деп жатканда артында келе жаткан машина аны катуу сүзгөн. Жыйынтыгында бурулайын деген автоунаа тегеренип кеткен.

Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Тез жардам медициналык борбору кабарлагандай, кырсыктан үч адам жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0