Нарында Toyota менен Honda Stepwgn кагышып, үч адам каза тапты

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз жумгандардан сырткары беш киши жабыркаган. Жаракат алгандардын арасында бир жана үч жаштагы балдар бар.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кечээ кечке жуук Нарын районундагы Эмгекчил айыл аймагынын жанынан Toyota Avensis менен Honda Stepwgn автоунаалары кагышып, үч адам каза болду. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

Маалыматта 58 жана 38 жаштагы эки аял жана 44 жаштагы эркек кишинин ошол жерден жан бергени айтылган.

Алардан сырткары беш киши жабыркаган. Жаракат алгандардын арасында бир жана үч жаштагы балдар бар.

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары жана өрт өчүрүүчү бир бригада, Тез жардам барган.

Куткаруучулар маркумдардын сөөгүн кагышкан автоунаалардан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар облустук ооруканага, каза болгондордун сөөгү Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0