Оштогу автокырсыктан 10 киши жабыркады

© Sputnik / Жоомарт УраимовНарушение ПДД в Бишкеке
Нарушение ПДД в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Бишкек — Ош жолунун 617-чакырымында, тагыраагы, Жаңы-Арык айылында болду. Жабырлануучулар тууралуу маалыматтар такталып жатат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда Mercedes-Benz Sprinter оор жүк ташуучу автоунааны артынан келип сүзүп, анын кесепетинен 10 киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык Бишкек — Ош жолунун 617-чакырымында, тагыраагы, Жаңы-Арык айылында болду. Жабырлануучулар тууралуу маалыматтар такталып жатат.

Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт

"Куткаруучулар кырсык болгон жерге жеткенге чейин Тез жардамдын кызматкерлери жана жолдо бараткан башка автоунаалардын айдоочулары жабыркаган жүргүнчүлөрдү ооруканага жеткиришкен", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМден учурда кырсыкка кабылгандардын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0