Бишкекте унаа коюп кетип көз жумган кишинин жакындары 5 күндөн бери изделүүдө

© AFP / YURI CORTEZЖолдон өтүп бараткан адам. Архив
Жолдон өтүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-июлда кечинде Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Жибек Жолу проспектинде кишини коюп кеткен.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкекте автоунаа коюп кетип, каза болгон кишинин ким экени беш күндөн бери такталбай жатат. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 16-сентябрь күнү саат 22.30да Mitsubishi Carisma үлгүсүндөгү автоунаанын 33 жаштагы айдоочусу Жибек Жолу проспекти менен бара жатып Ала-Арча көчөсүнө жетпей, болжол менен 40-45 жаштагы кишини коюп кеткен. Ал жараатынан улам өзүнө келе албай, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия борборунда көз жумган. Маркум азиат тектүү, чачы анча узун эмес, ак баскан, боюнун узундугу болжол менен 165-170 сантиметр экени айтылды.

Бишкек: жолдон чуркап өткүсү келген кишини автоунаа ыргыта сүздү. Видео

Милиция аталган жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер же окуянын күбөлөрү болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт. (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11-21-13, (0502) 22-24-12 и 102.

Жаңылыктар түрмөгү
0