Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, элге жаратылыш кырсыктары тууралуу кыска убакытта эскертүү берүү кыйын. Ошондуктан табияттын кескин өзгөрүшү адам өмүрүн алып, бир топ чыгымга учуратат.

Кыргызстанда чет мамлекеттегидей суу ташкындап, жанар тоо атылып, торнадо, циклон болбогону менен жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, сел, катуу шамал катталып, жашоочуларды кыйынчылыкка кептеген учурлар кездешет. Булардын арасында эмдигиче элдин эсинен кетпеген табигый кырсыктар бар.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте акыркы 10-15 жылда болгон ири жаратылыш апааттарын тизмектеп, алардын кесепети кандай болгонун эске салды.

Нура айылындагы 8 баллдык жер титирөө

ӨКМ белгилегендей, бул каргаша акыркы жылдагы эң ири жер титирөө болуп саналат. Мындан он эки жыл мурда, тагыраагы, 2008-жылы 5-октябрда, саат 21:53тө Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында күчү 7,5-8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын эбегейсиз эпкини Оштун Алай районундагы Нура айылына тийип, 75 адамдын, анын ичинде 42 баланын өмүрүн алып кеткен. Ошондой эле 160 адам жабыр тартып, 135 турак үй кыйрап, жараксыз абалга келген.

Анда Алайдын бул айылына көптөгөн куткаруучу жана техника тартылып, Коргоо министрлиги жабыр тарткандарды ооруканаларга жеткирүүгө үч Ми-8 тик учагын жана куткаруу иштери үчүн 100 аскер кызматкерин жөнөткөн.

Бул табигый кырсык кыргызстандыктардын сай-сөөгүн сыздатып, окуя дүйнө элине тараган.

Эпкини Борбор Азияга тийген Баткендеги жер силкинүү

Баткенде 2011-жылдын 20-июлуна караган түнү сегиз баллга жеткен чоң жер титирөө болгон. Анын күчү Кадамжай районунун Совет айылында 7-8 балл, Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя шаарында 5,5 балга жеткен. Ошондой эле Ноокат шаарында 5,5 балл, Ош шаарында 5 балл, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалган.

38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги

Ушул эле жер титирөөнүн эпкини Борбор Азиядагы мамлекеттерге да тийген. Силкинүү Тажикстанда жана Казакстандын түштүк облустарында да сезилгени маалым. Эң чоң зыянга Өзбекстан учурап, жергиликтүү ӨКМдин маалыматы боюнча, 13 адам каза таап, 86 кишиге алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, 35 адам ооруканага жеткирилген. Кыргызстанда табигый кырсык адам өмүрүн алган эмес.

Жер силкинүүнүн айынан Баткен облусу боюнча 2 551 там, 30 көп кабаттуу үй, 37 барак тибиндеги үйдөн жарака кетип, 767 үй, 29 көп кабаттуу үй, 30 барак тибиндеги үй олуттуураак зыян тарткан. Ал эми 436 үй, 9 көп кабаттуу үй, 25 барак тибиндеги үйлөр авариялык абалга жеткен.

Мындан тышкары, Ош — Баткен — Исфана жолунун 125-130-чакырымдарына таш кулаган. Жер силкинүүнүн кесепетинен жогорку чыңалуудагы "Металлург" подстанциясы бузулуп, натыйжада Кадамжай, Тамаша, Пүлгөн, Кызыл-Булак, Халмион, Охна, Яркутан айыл округдары электр энергиясыз калган.

Оштогу 7 баллдык жер титирөөлөр

Кийинки ири жер титирөөлөрдүн бири 2015-жылы 17-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда катталган. Жер силкинүү Кара-Суу районунун Талдык, Лаглан, Тээке айылдарында 7 балл, Алай районунун Кызыл-Суу, Боз-Караган, Гүлчө айылдарында 6-7 балл, Ош шаарында 6, Жалал-Абад шаарында 4-5 жана Өзгөн шаарында 5-6 балл болуп сезилген. 

Табигый кырсыктын кесепетинен Ош облусу боюнча 5 854 турак үй, 190 социалдык объект жабыркаган. Адамдардын арасында көз жумгандар болгон эмес.

Ошондой эле 2017-жылы 3-майда кыргыз-тажик чек арасында очогунда 7 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын кесепети Ош облусунун Чоң Алай районундагы бир катар айылдарга тийип, 700гө чукул үйдөн жарака кеткен. 

Мындан тышкары, 2006-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда күчү 6,6 баллга жеткен, 2013-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда 6,5 баллдык жер силкинүүлөр болуп, турак жайлар талкаланган.

Белгилей кетсек, өлкөдө жылына бир нече жолу күчү 3-4 баллдык, кээде 5 баллдык жер титирөөлөр болуп турат.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот

КРдин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун сейсмологиялык коопсуздук лабораториясынын башчысы Медербек Өмүралиевдин айтымында, Кыргызстан Жер шарынын сейсмологиялык жактан кооптуу аймактарында жайгашкан. Өлкөнүн эки аймагы сейсмологиялык жактан өтө активдүү болуп эсептелет. Алар Алай ойдуңунда жайгашкан Ош, Баткен облустары жана Ысык-Көл ойдуңунун Түп айылына жакын жердеги бөлүк. Республикада жер титирөөнү кыска мөөнөттө алдын ала айтуу өтө кыйын. Бирок Сейсмология институту узак мөөнөттүк алдын ала божомолдоолорду жасап, ӨКМге билдирип турат.

24 кишинин өмүрүн соолуткан Аюудагы жер көчкү

2017-жылы 29-апрелде эртең менен Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган. Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган. Калган 16 киши ошол жерде калтырылып, айланасы тосулуп, мазар болуп калган. 

Ага удаа Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш менен Маркс айылдарынын ортосунда жер көчкү жүрүп турак жайларды жарактан чыгарган. Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-март күнү таңга жуук жүргөн көчкү төрт балалуу үй-бүлөнү басып калган.

Аксыдагы жер көчкү 16 кишинин өмүрүн алган

2009-жылдын 16-апрелинде Жалал-абад облусунун Аксы районунун Райкомол айылында көлөмү 100 320 метр куб жер көчкү жүргөн. Астында үч үйдүн тургундары калып, жалпы 16 адам көз жумган. Алардын 11и мектеп жашындагы балдар болчу. Куткаруучулар бир күндүк издөөлөрдөн кийин бардыгынын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Суунун көлөмү көбөйсө эле сүйүнүп жүрүп өмүрүм өтүптүр. Гидрометеорологдун маеги

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары менен биргеликте айылдыктар дагы түп көтөрүлө келип, күрөк жана кол менен топуракты тазалашкан.

Аксы району жер көчкү көп катталган аймакка кирет.

Нарында белге чейин жааган кар

Облуста кыш келбей жатып эле калың кар жаап салган. Тагыраагы, 2010-жылдын 17-19-сентябрында Нарын облусунун Нарын жана Ат-Башы райондорунун аймактарында калыңдыгы 0,5 метрден 1,1 метрге чейин жеткен кар түшкөн. Бул жашоочулардын турмушун кыйындатып, мал-жандык менен эгинге зыян келген.

Атап айтканда, 2080 баш кой-эчки, 69 баш жылкы жана 109 баш уй, торпок кырылган. Ошондой эле 3314 гектар арпа аянты жана 657 гектар буудай аянтына зыян келген.

Айдоочулардын айласын кетирген кар көчкү

2014-жылдын 31-январында таңга маал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Бишкек — Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Көчкү-Булак участогу) көлөмү 1 миллион метр куб болгон кар көчкү түшкөн.

Буга байланыштуу Бишкек — Ош унаа жолу кыска убакытка жабылган. ӨКМ тарабынан Сосновка постунда жана Чычкан участогунда чатырлар тигилип, айдоочулар жана жүргүнчүлөргө ысык тамак уюштурулган. Мындан сырткары, медициналык жардам көрсөткөн чатыр дагы тигилген.

Геологдор кооптуу вулкандарга дрон менен байкоо салганды үйрөндү

Кар көчкүнү тазалоого Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан эки бульдозер, эки жүктөгүч, үч грейдер жана үч самосвал тартылган. Анын эртеси, 1-февраль күнү, саат 12:40та унаа жолу толугу менен тазаланып, ачылган. 

© Фото / Инабат ЛатиповаМөндүрдүн кесепети
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары - Sputnik Кыргызстан
Мөндүрдүн кесепети

Чоң талааны "жууп кеткен" мөндүр

Кыргызстанда акыркы жылдары катуу жааган мөндүрлөрдүн ириси 2014-жылга туш келет. Күтүүсүздөн жайдын биринчи күнүндө, 2014-жылдын 1-июнунда, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда катуу мөндүр жаап, селди пайда кылган.

Мөндүр аралаш сел жууп кеткен дыйканчылык талааларынын аянты 177,7 гектарды түзгөн. Негизинен пахта, картошка, жүгөрү жана коон-дарбыз эгилген жерлер жапа чеккен.

Эки кишинин өмүрүн алган катуу шамал

Адатта өлкө аймагында ылдамдыгы секундасына 4-9 метрлик, эң катуу дегенде 15-20 метрлик шамал болуп турат.

2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен катуу шамал катталган. 

Каргашанын кесепетинен 271 турак үй, 35 окуу жай, 90 социалдык маданий объект, 32 электр карагайы жабыркап, шиферлер учкан. Тилекке каршы, Чүйдүн Ысык-Ата району менен Аламүдүн райондорунда эки кишини бак басып калып көз жумган.

10 күндө араң өчүрүлгөн табигый мүнөздөгү өрт

Жалал-Абад облусундагы Чычкан капчыгайында 2015-жылы 13-август күнү болжол менен саат 16:17де Бишкек — Ош унаа жолунун 251-чакырымында тоодо өрт чыккан. 

Өрттү өчүрүү иш-чараларына ӨКМ менен КРдин Куралдуу күчтөрүнүн 17 атайын техникасы, эки учак (анын бири Казакстандыкы), 860 адам тартылып, тилсиз жоо 23-августта толугу менен өчүрүлгөн.

Окуянын кесепетинен 640 гектар куураган чөп менен бадалдар күйүп кеткен. Материалдык чыгым 8 миллион 206 миң сомду түзгөн.

400дөн ашык малды кырган сел

Адатта Баткенде сел көп жүрөт. Бул мүнөздөгү табигый кырсыктын ириси 2015-жылдын 8-июнуна туура келет. Анда Лейлек районунун аймагында нөшөрлөгөн жаан токтобой сел жүрүп, көптөгөн зыян алып келген.

Европадагы эң бийик жанар тоо козголду. Видео

Атап айтканда, 207 үй жабыркап, 20 турак жай авариялык абалда калган. Ошондой эле социалдык обьектилер, ички чарбалык курулуштар, огород участкалары, ички чарбалык жолдор, арыктар, суу түтүкчөлөрү, көпүрөлөр, каналдар, эгин талаалары бүлүнгөн.

Сел мал чарбасына дагы кесепетин тийгизип, 434 мал кырылган, көбү майда жандык болгон. Жалпысынан материалдык чыгым 96 миллион сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0