11:58 23 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD80.7429
  • EUR95.6400
  • RUB1.0475
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (250)
200 0 0

Күбөлөрдүн айтымында, автоунаанын тормозу иштен чыгып калып, айдоочу менен жардамчысы жүрүп бара жаткан машинадан секирип түшүүгө мажбур болгон.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Нарын облусундагы Долон ашуусунда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кырсыгы болгон жерде тартылган видеону "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Кадрларда оодарылып калган автонун айланасында көмүр чачылып жатканын көрүүгө болот. Видеонун сүрөттөмөсүндө жазылганына караганда, автоунаанын тормозу иштен чыгып калып, айдоочу менен жардамчысы жүрүп бара жаткан машинадан секирип түшүүгө мажбур болушкан. Учурда экөө тең ооруканада.

Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт

  • На перевале Долон в Нарынской области перевернулся грузовик марки Volvo
    Нарын облусундагы Долон ашуусунда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты
  • На перевале Долон в Нарынской области перевернулся грузовик марки Volvo
    Кадрларда оодарылып калган автонун айланасында көмүр чачылып жатканын көрүүгө болот
  • На перевале Долон в Нарынской области перевернулся грузовик марки Volvo
    Видеонун сүрөттөмөсүндө жазылганына караганда, автоунаанын тормозу иштен чыгып калып, айдоочу менен жардамчысы жүрүп бара жаткан машинадан секирип түшүүгө мажбур болушкан. Учурда экөө тең ооруканада
1 / 3
Нарын облусундагы Долон ашуусунда Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты

ӨКМ жол кырсыгы 17-сентябрь күнү саат 10:00дөр чамасында болгонун айтты. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу автоунааны башкара албай калган. Эки эркек жаракат алып, аларды өтүп бара жаткандар Кочкор райондук ооруканасына жеткиришкен.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (250)

Тема боюнча

Баткенде автоунаа оодарылып кетип эки киши көз жумду
Белгилер:
көмүр, автоунаа, видео, жол кырсык, Нарын облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ