Жалда өрттөнгөн көп кабаттуу турак жай түндө толук өчүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүүчү бригада Жал кичи районунда
Өрт өчүрүүчү бригада Жал кичи районунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоо менен кармашууга төрт өрт өчүрүүчү бригада, бир автошаты жана суу ташуучу унаа тартылган.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Түндө Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт саат 01:13тө толугу менен өчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт тууралуу ӨКМге саат 22.20ларда чакыруу түшкөн. Анын натыйжасында саат 23:52де жалын чектөөгө алынган.

Тез жардам кызматынан бир бригада келип күзөтүп турганы айтылды. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок. Ошондой эле 25 милиция кызматкери келип коопсуздукту камсыздаган.

Жалын 400 чарчы метр аянтты жалмап, курулуш буюмдары күйгөн. 

Опалубкалар жерге кулап... Жалда күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн видеосу

Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0