Милиция: Кеминде 29 жаштагы аял айдоочуну мас кылып, унаасын айдап кеткен

© Фото / Pixabay/ freestocks-photosАвтоунаа айдаган кыз. Архив
Автоунаа айдаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү ошол эле күнү Токмоктон колго түшкөн. Ал Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кемин районунда унаага жолдон түшкөн кыз айдоочуну мас кылып туруп, машинасын айдап кеткен. Кийин ал колго түшкөнүн Чүй облустук милициясынан билдиришти.

4-сентябрда райондук милицияга 25 жаштагы киши кайрылган. Ал чала тааныш кыз унаасын уурдап кеткенин айтып, арызданган. Факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, ошол эле күнү издөө жарыяланган.

Автомат, мылтык жана тапанча табылды. Бишкекте жети киши кармалган видео

Бир нече сааттан кийин унаа Токмок шаарынан табылган. Рулда 29 жаштагы шектүү аял мас абалында болгон.

"Жолдо баратып экөө тил табышып сүйлөшө кетип, Кемин районуна ичимдик ичүү үчүн жөнөшкөн. Унаа ээси мас болуп калганда аял анын чөнтөгүндөгү ачкычты алып машинасын айдап кеткен", — дешти милициядан.

Шектүү Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0