Аламүдүндөгү жол кырсыктан бир киши каза таап, дагы бешөө жабыркады. Видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСкорая медицинская помощь в Москве
Скорая медицинская помощь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя узаган жекшемби күнү кечинде болгон. Куткаруучулар көз жумган адам менен жабыркагандарды тиешелүү кызматка өткөрүп берген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда автоунаалардын кагышуусунан бир киши мүрт кетип, бешөө ооруканага жеткирилгенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 13-сентябрь күнү саат 20:14тө Лебединовка айылынын Ленин жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Lexus RX300 жана Honda Accord үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.

ӨКМдин куткаруучулары тартылып көз жумган жана жабыркаган адамдарды машинадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0