Таласта эки аюунун башы жана териси менен кармалган адам сурак берүүдө

© Sputnik / Сергей МамонтовФестиваль "Сабантуй-2018"
Фестиваль Сабантуй-2018 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта облустук милиция Аңчылык кылуу департаменти менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Эки аюунун башы, эти жана териси менен кармалган Таластын тургуну ушу тапта сурак берип жатат. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык тармакта Милиция башкармалыгынын короосунда эки аюунун жайылган териси, баштары жана эти тартылган сүрөт тарап, жаныбарды атуу браконьерлердин колунан келгени жазылган.

ОИИБ бул боюнча маалымат таратып, аталгандын баары текшерүү учурунда мыйзамсыз аңчылык кылган К.У. аттуу тургундун автоунаасынан табылганын билдирди.

Бишкекте ак илбирстин терисин сатууга аракет кылган киши кармалды. Сүрөттөр

"12-сентябрга караган түнү Талас ОИИБнин кызматкерлери тарабынан Бакай-Ата районунун 36 жаштагы тургуну кармалган. Текшерүү учурунда анын машинасынан эки аюунун башы, эти жана ок атуучу куралы табылган. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Табылгандын баары далил зат катары алынып, Аңчылык кылуу департаментине өткөрүп берилди. Кармалган жаран сурак берип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери аталган департамент менен биргеликте жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0