Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео

© AP Photo / Fernando LlanoМассовая драка в Национальном собрании в Каракасе
Массовая драка в Национальном собрании в Каракасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция мушташкандардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери бар экенин тастыктап, буга байланыштуу Ички иликтөө кызматы окуяны териштирип жатканын билдирди.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы соода борборунун короосунда милиционерлер менен жай тургундар мушташа кетти.

Окуянын учуру делген видео социалдык тармакта тарап жатат. Анда бири-бирин ургулаган топ адамдын ичинен формачан кызматкерди дагы көрүүгө болот.

Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik агенттигине мушташууга тиешеси бар жарандардын ким экени такталып жатканын билдирди. Анын айтымында, окуя ордо калаадагы соода борборунун жанында 7-сентябрда таңкы саат 4:00дө болгон.

Кыз талашкан. Бир жигитти алтоолоп сабаган Оштогу окуянын чоо-жайы

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жаза кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча катталды.

Сыдыков мушташкандардын арасында милиция кызматкерлери бар экендигин тастыктап, буга байланыштуу Ички иликтөө кызматы окуяны териштирип  жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0