Баткенде автоунаа оодарылып кетип эки киши көз жумду

© Фото / Pixabay / QuevenСлучаи ДТП в КР
Случаи ДТП в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Audi 100 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина жолдон чыгып оодарылып кеткен. Ичинде төрт киши болгон.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Баткенде жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык бүгүн, 11-сентябрь күнү, таңкы саат 06:37 чамасында Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) катталган.

Инкассатор унаасы оодарылып калды. Бишкекте 4 авто кагышкан кырсыктын сүрөтү

Анда Audi 100 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, машина жолдон чыгып оодарылып кеткен.

"Жерине ӨКМдин алты куткаруучусу тартылган. Бирок алар жеткенге чейин эле Тез жардамдын кызматкерлери жабыркагандарды Баткен облустук ооруканасына алып кетишкен. Кырсыктан 53 жана 46 жаштагы эки адам көз жумган", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 27 жана 15 жаштагы эки адамдын жаракат алганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0