Инкассатор унаасы оодарылып калды. Бишкекте 4 авто кагышкан кырсыктын сүрөтү

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуКиев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгы
Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечээ кечке жуук Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Инкассатордун айдоочусу ооруканага жаткырылганы айтылды.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда төрт автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталды, арасында инкассатордун машинасы да бар. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык кечээ саат 18:00дө баш калаанын Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя боюнча тартылган кадрлар "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Киев көчөсү менен келе жаткан "Газель" маркасындагы инкассатордук унаа Калык Акиев көчөсүнө жеткенде Honda Fit менен кагылышкан. Окуяда "Газель" каптал жагына оодарылып кетип, жол четине токтоп турган Mercedes Benz жана Toyota Ipsum унааларына тийген", — деп айтышты милициядан.

Бишкек: Subaru күү менен келип, капысынан эле аңтарылып калды. Видео

Кырсыктан инкассатордук унаанын айдоочусу жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча анын колу чыгып, ооруканага жаткырылган.

Төрт унаа тең айып аянтчасына киргизилип, экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0