Бишкек: Жал кичи районунда көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Видео

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүПожар в квартире одного из жилых домов в Мурманске.
Пожар в квартире одного из жилых домов в Мурманске. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаанын түштүк-чыгыш тарабында батир күйүп жатканы айтылды. Азырынча өрттүн чоо-жайы тууралуу маалымат жок.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү  батирлердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өрт чыккан жерден тартылган видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү. Кадрдан үйдүн терезесинен жалын чыгып жатканы көрүнүп турат.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматы боюнча, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан №92 көп кабаттуу турак үйүнүн 6-кабатында батир күйүп жатат. Өрттү өчүрүүгө саат 19:46да бир бригада, саат 19:50дө кошумча автошаты тартылган. Министрликтен кошумча маалымат берилерин айтышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0