Бишкек: Түштүк магистралда жолдун ортосунда автоунаа оодарылып калды. Видео

CC BY 2.0 / Tony Webster / Cracked WindshieldЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам кызматы бүгүн эртең менен саат 07.37де чакыруу түшкөнүн билдирди. Жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектин Токомбаев көчөсүндө автоунаа оодарылып кетти. Окуя болгон жерден тартылган ирмемдер "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Кадрдан Subaru Impreza үлгүсүндөгү автоунаа жолдун ортосунда төрт дөңгөлөгү асманды карап жатканын көрүүгө болот. Машинанын жанындагы адамдар эшигин ачууга аракет кылып жатат. Кырсык жөө адамдар өтүүчү жол чийиндин жанында болгон.

Бишкекте кырсыктаган Mercedes ИИМ имаратынын тосмосун сүзүп алды. Видео

Бишкектин Кайгуул милициясы нөөмөт бөлүмгө аталган адрес боюнча чалуу түшпөгөнүн билдирди.

Ал эми Тез жардам кызматы бүгүн эртең менен саат 07.37де чакыруу түшкөнүн айтты. Жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0