Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧСНарын облусунун Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда болгон жол кырсыгы
Нарын облусунун Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 7-сентябрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган. Айдоочунун рулду башкара албай калганы айтылууда.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районундагы Кубакы ашуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Кырсык 7-сентябрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган. Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза болгон.

© Фото / пресс-служба МЧСКырсык 7-сентябрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган
Кубакы ашуусундагы жол кырсыгында 25 жаштагы жигит каза болду. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кырсык 7-сентябрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган

ӨКМдин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0