ӨКМ: Ысык-Көлдө автоунаа бетонду сүзүп, бир киши көз жумду

Жазылуу
Каргаша Бишкек — Ананьево — Каракол унаа жолунун 65-чакырымында болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бүгүн таңга маал Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жеңил унаа кырсыктап, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Жол кырсыгы 7-сентябрь күнү саат 4:47де Бишкек — Ананьево — Каракол унаа жолунун 65-чакырымында болгон. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бетон тосмону сүзгөн.

Тажияга бара жаткан кошуналар. Казармандагы 8 адам көз жумган кырсыктын чоо-жайы

Кырсыктын кесепетинен 29 жаштагы бир киши каза таап, сөөгүн куткаруучулар унаадан чыгаргандан кийин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошондой эле дагы бир 29 жаштагы эркек жабыркап, аны Тез жардам кызматы Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып барышканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0