Бишкектин чок ортосунда 24 жаштагы жигит өзүнө-өзү кол салып, көз жумду

© Sputnik / Табылды КадырбековУкук коргоо органдарынын кызматкерлери Эркиндик бульварында турат. Архив
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Эркиндик бульварында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиционерлер окуя болгон жерде маркумдун сөөгүн карап, текшерип чыгып, зомбулуктун белгилерин тапкан эмес.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда 24 жаштагы жигит өзүнө-өзү кол салып, өмүрүн кыйгандыгын Биринчи май райондук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын сөөгү 4-сентябрда таңда табылган. Милиционерлер окуя болгон жерде маркумдун сөөгүн карап, текшерип чыгып, ким экендигин аныктаган. Анын 24 жашта экендиги да такталды.

Жалал-Абадда кызмат өтөп жаткан аскер өз өмүрүн кыйды

Ошондой эле маркумдун денесинен зомбулуктун белгилери байкалбагандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0