Коррупцияга жол ачат! Жээнбеков кылмыш иши тууралуу мыйзамды артка кайтарды

Жазылуу
Мамлекет башчынын каршы пикир билдиришине Жазык кодексине жана Жазык-процесстик кодексине киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болгон.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков “Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга каршы пикирин билдирип артка кайтарды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги сунуштап, Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Мамлекет башчынын каршы пикир билдиришине Жазык кодексине (ЖК) жана Жазык-процесстик кодексине (ЖПК) киргизилген айрым өзгөртүүлөр негиз болгон.

Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок. Себеби

Тактап айтканда, сунушталган Жазык кодексинин  62-беренесинин 7-бөлүгү менен эгер шектенүү тууралуу билдирме бериле турган адам аныкталбаган болсо, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү эскирип, кылмыш иши токтотулат деген ченем каралган.

“Мамлекет башчы сунушталган өзгөртүүлөр сотко чейинки өндүрүш учурунда алгачкы текшерүү жана тергөө органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жаратарын белгилеп, бул ченемди колдонуудагы редакцияда өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми ЖПКнын жаңы редакцияда берилген 114-беренеси кылмышка шектүү же айыпкер адамга карата бөгөт чарасы катары күрөөнү колдонуу маселелерин жөнгө салат. Бирок күрөө менен бөгөт чарасын тандоого болбой турган кылмыштардын тизмесине кызмат адамдары жасаган бардык коррупциялык кылмыштар киргизилген эмес.

Ппезидент коррупциялык иштер коом жана мамлекет үчүн кыйла коркунучту түзө тургандыгын эске алуу менен бул тизмени толуктоону сунуш кылганы белгиленди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0